Айылдын жашоочулары сууну дарыядан чакалап ташып келип, аны тундуруп ичип, тамак-ашка пайдаланат. Суу абдан ылай болгондуктан үй шартындагы тазалоо "процедураларынан" кийин да чай ичкен чынынын түбүндө кум уюп калат.
Жергиликтүү эл өмүрүндө тунук суу ичип көрбөгөндүгүн, күн жылыгандан тарта ыплас суу ичип бала-чака жугуштуу оорудан жапа чеккен учурлар арбый турганын айтат.
"Өмүрүбүздө эч качан таза суу ичип көргөн эмеспиз, сууну арыктан алабыз. Анын баш жагында эмне болуп жатканын бир Кудай өзү билет. Суудан улам, жаздын алды менен эле жаш балдардын ичи өтөт, териге ар кыл жаралар чыгат. Сокур ичеги оорусу да көп кездешет", — деди жергиликтүү тургун, зар-таштык Салима Назирова.
Ал ичип жаткан сууга жаш балдар киринип, мал ичип, ал тургай, иттер кечип жүргөнү кадимки көрүнүш экендигин кошумчалады.
Зар-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлнара Марипова эл таза суу боюнча өкмөттөн жардам күтүп жатканын, бирок баары эле каражатка такалып жатканын айтат.
"Айылдыктардын мамлекеттик "Таза суу" программасына кирип калганга эки көзү төрт, эл өз салымдарын чогултуп, аракет кылат эле. Айрыкча, жай күндөрү суунун ылайлыгынан, кир жууш үчүн да сууну тундурууга туура келет. Элдин ар кандай жугуштуу оорулар, өзгөчө, сарык менен ооруган учурлары арбын", — деди Гүлнара Марипова.
Ал эми Баткен облустук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемологиялык көзөмөлдөө борборунун башык дарыгеринин орун басарынын милдетин аткаруучу Дыйканалы Жунусалиев учурда аталган суу аркылуу коркунучтуу жугуштуу оорулар катталбагандыгын билдирди.
"Алдын ала сактык иштери айыл өкмөт тарабынан жүргүзүлүшү зарыл. Билип болбойт, бул дарыя Өзбекстандан келет. Эгерде суу менен кошо ич келте, кургак учук сыяктуу оорулардын таякчалары болсо, жугуп калышы мүмкүн. Алдын ала сактык иштери болушу керек. Сууну кайнатып жана тундуруп ичүү зарыл",— деди Дыйканалы Жунусалиев.
Аймакта эки айылды бириктергенде эки миңге жакын киши жашайт.