БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Россия Жакынкы Чыгышта жана Жер ортолук деңизде улам барган сайын чечкиндүү аракеттерди жүргүзүшү Батыш үчүн күтүүсүз болду деп жазат Дмитрий Адамский Foreign Affairs үчүн даярдаган макаласында.
"Араб жазынын" кесепеттерине карабай, Москва Иран, Ливия жана Сирия менен кызматташтыгын сактай алды. Ошондой эле Россия АКШнын өз шериктештери Египет, Иордания, Сауд Аравиясы жана Перси булуңунун өлкөлөрү менен мамилелеринин татаалдашуусунан да пайда таба алган. Алсак, июнь айында Москвага Сауд ханзадасы, августта Иорданиянын падышасы, Египеттин президенти жана ханзада Абу-Даби келип кеткен. Күзүндө болсо Россияга Кувейттин эмири жана Сауд Аравиянын падышасы келмекчи.
"Чөлкөмдөгү АКШнын башкы шериктеши жана Сириянын оппозициясынын демөөрчүсү Эр-Рияд менен мамилелериндеги Москванын ийгиликтерин өзгөчө белгилөө керек. Акыркы жыл ичинде Россия менен Сауд Аравиясы Сирияда чыр-чатакты жөнгө салуу жөнүндө диалог түзүп, курал берүү маселесин, Россияга 10 млрд. доллар көлөмүндөгү инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле ондон ашуун АЭС куруу боюнча келишимди талкуулашты", — деп айтылат макалада.
Ошондой эле серепчи Орус православ чиркөөсүнүн Жакынкы Чыгыштагы иш-аракеттерин айтып, бул Москвага белгилүү бир диломатиялык демилгелер менен чыгууга мүмкүндүк берерин кошумчалайт. Автордун пикиринде, Россиянын Сириядагы химиялык куралды жок кылуу боюнча демилгесин Ватикан колдогондугу бир жагынан 2013-жылы АКШнын Сирияга басып киришине жол берилбегендигине шарт болгон. Ватикан Жакынкы Чыгышта христиандардын коргоочусу катары АКШны эмес, Кремлди эсептей турганы макалада айтылат.
Андан тышкары, РФтин жаңы аскердик доктринасына ылайык, россиялык флот жакынкы жылдары Жер ортолук деңизде мурдагыдан олуттуу роль ойной башташы мүмкүн.
"Жакынкы жылдарда Россиянын деңиз саясатынын амбициясы мурдагыдан жогору болуп, өлкөнүн деңиз күчтөрү "кансыз согуш" мезгили аяктагандан бери боло элек бийиктикке жетиши толук ыктымал", — деп жазат серепчи.
Мурдараак белгилүү болгондой, Россия Жер ортолук деңиз чөлкөмү боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин токтому күч колдонуу аркылуу кийлигишүүгө алып келбей турганына кепилдик болушун жана Ливиядагы окуялардын кайталанбашын талап кылууда.