БИШКЕК, 17-сен. – Sputnik. Бишкекте үй-бүлөнүн ээси менен анын жубайын мыкаачылык менен өлтүрүп кеткен 17 жаштагы эки бала кармалганын ИИМ билдирди.
Бул тууралуу милицияга эртеси коңшулары кабарлаган. Окуя болгон жерге келген укук коргоо органдарынын кызматкерлери аялдын үйдөн каза болгонун аныкташкан. Ал эми үй ээси ооруканага бара жаткан жолдо эсине келбей жатып көз жумган. Мыкаачылар экөөнү тең башка бир нече ирет балта менен чапкан.
Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү адамдар Бишкекке карай жол алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышкерлер Ош базарынын жанындагы Интьергельпо көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде экени аныкталган.
Иликтөө учурунда кармалган жарандар аталган кылмышты толук моюндарына алышкан. Бирөөсү мал уурдоо боюнча шектелип, издөөдө жүргөнү анык болду. Бишкекте жашырынып, буга чейин "Туңгуч" кичи районунда унаа жууган жайда иштеп келген.
Учурда тергөө иштери улантылууда.