БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бишкектеги абройлуу делген жогорку окуу жайлардын үч студенти эки килограмм анаша сатып жаткан жеринен кармалганын баңгизатка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат билдирди.
Маалыматка ылайык, баңгизат сатуучуларды кармоо операциясы ишембиден жекшембиге караган түнү Үч-Терек айылында болгон. Үч студент тең сатып жаткан жеринен кармалышкан.
Кармоо учурунда жаштар качып кетүүгө жана милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүүгө аракет кылышкан.
Кармалгандардын курагы 21 жаштан ашпайт.