Сариев: биз үчүн бийликчил же оппозициячыл партия деген түшүнүк болбошу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысы укук коргоо органдарына үгүт өнөктүгү учурунда жана шайлоо күнү коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүүнү дагы бир жолу эскертти.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Шайлоо маалында бийликчил же оппозициячыл партия деген түшүнүк болбостон, үгүт өнөктүгүн жүргүзүүдө бардык саясий уюмдарга бирдей шарт түзүлүшү керектигин премьер-министр Темир Сариев шайлоону уюштурууга даярдык боюнча өкмөттүн оперативдүү жыйынында билдирди. 

Премьер: утулуп калган партиялар элди көчөгө чыгарам десе жаңылышат
Шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев шайлоону уюштуруу жана өткөрүүгө даярдыктар жана биометрикалык маалымат топтоо боюнча иш активдүү жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Анын айтымында, азыркы тапта өтүп жаткан “Өзүңдү тизмеден такта!” аттуу акциясынын алкагында жарандар шайлоо тизмелеринен өзүн тактап жатат. 

Сариев шайлоо күнү добуш берүүдө ар кандай техникалык маселелер жаралбашы үчүн ар бир райондо адискөй IT-программисттерди атайын даярдыктан өткөрүүнү тапшырды.

Премьер-министр мамлекетттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилерине шайлоого катышкан саясий партияларга үгүт өнөктүгүн жүргүзүүдө бирдей шарт түзүү тапшырылганын эскертти.

"Биз үчүн бийликчил же оппозициячыл партия деген түшүнүк болбошу керек. Бардык партияларга үгүт өнөктүгүн жүргүзүүдө бирдей шарт түзүп беришибиз зарыл. Ал эми кайсы партияга добуш берүүнү эл өзү чечсин", — деди Сариев.

Өкмөт башчы укук коргоо органдарына үгүт өнөктүгү учурунда жана шайлоо күнү коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүүнү дагы бир жолу эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0