БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук китепканасынын тегерегинде мэрия кызматкерлери ишембилик өткөргөнүн шаардык муниципалитет билдирди.
Иш-чарага шаар башчысы Кубанычбек Кулматов, вице-мэрлер Бакыт Дүйшөмбиев, Айгүл Рыскулова, аппарат кызматкерлери, китепкананын жумушчулары, "Тазалык" жана "Зеленстрой" ишканаларынын өкүлдөрү катышты.
Ишембилик маалында тегеректеги бактар буталып, чөптөр кыркылган. Мындан тышкары, отургучтар сырдалып, таштандылар чыгарылды.