БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Ош аэропортунан башка бирөөнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен Кыргызстандын 21 жаштагы жаранын алып өтүүгө аракет кылган россиялык жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жасалма күбөлүк менен "Ош — Иркутск" каттамы боюнча көзөмөл пунктунан өтүүгө аракет кылган кыз Федералдык миграция кызматынын "кара тизмесинде" катталган. Бирок россиялык окуу жайдын студенти болгондуктан, аны чек арадан Россиянын жараны өткөрмөй болгон.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.