Чек арачынын жоголушу боюнча жаңы жагдай: жоокер кийик уулаганы жөнөтүлүп, жоголгон

© Sputnik / Эркин АлымбековРазыскиваемый пограничник пропал на охоте в горах — одна из версий ГП
Разыскиваемый пограничник пропал на охоте в горах — одна из версий ГП - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жоголгон күнү 19 жаштагы чек арачы Бексултан Бааридинов кызматташтары менен кийик уулаганы кеткен. Аны ууга командири жиберген деп билдирди Sputnik маалымат сайтына жоокердин апасы Майрам Закирова.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Жоголгон күнү чек арачы Бексултан Бааридиновду командири башка үч кызматташы менен кийик уулаганы жөнөткөн. Бул туурасында жоокердин апасы Майрам Закирова аны менен бирге барган чек арачынын сөзүнө таянып билдирди. 

Жоголгон чек арачынын иниси: агамды сагынып жатабыз, көзү ачыктарга да бардык
Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Ош облусунда "Карамык" чек ара заставасында чек арачы 23-август күнү нөөмөт учурунда адашып, жоголуп кеткен. Жанында Калашников автоматы болгонун билдиришкен. Алгачкы издөө иштери тоолуу аймакта жана аба ырайынын начар шартында жүргүзүлгөн.

Бирок Sputnik маалымат агенттиги жоокердин апасы менен байланышкан учурда, 19 жаштагы Бексултан чек араны кайтарып эмес, жетекчилиги тарабынан кийик атканы ошол аймактагы Шумкар-Тоого жиберилген жеринен жоголгондугу туурасында жагдайлар ачыкка чыкты. 

"Баламды дагы үч жоокер менен кошо кийик уулаганы жиберишиптир. Башында мага баламды качып кетти деп айтышкан. Кийикке чыгып жоголгонун аны менен кошо кызмат өтөгөн бала кийин айтып жатпайбы. Аларды тоого жибергенде келишим менен кызмат өтөгөн эки чек арачы башка багытка кеткен. Ал эми берки бала ылдыйда кийик үркүткөнү калып, уулум тоонун башына чыгып кетиптир. Кечки саат бештерде жоокерлер жолукканда Бексултан кайтпай калып жатпайбы. Ал жакта эмне болгонун бир кудай өзү билет", — деп муңайды Майрам эже.

Ми-8 МТВ тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адашып дайынсыз жоголгон чек арачыны издөөгө 200 адам жана тик учак тартылды
Энесине уулунун жоголгону туурасында үч күн өткөндөн кийин аскер комиссариатынын өкүлдөрү менен милиционер келип айткан. Алардын балаң качып кетти дегенине ишенбеген эне, аскерден кайтарына бир жарым ай калганда кайда качат эле деп сураган. 

Майрам Закированын айтымында, уулу Бексултан Беловодское шаарчасында №28 лицейди артыкчылык диплому менен бүтүргөн, компьютердин тилин жакшы билчү экен. Апасы менен телефон аркылуу тез-тез сүйлөшүп, акыркы ирет аталган чек ара заставасында аскердик кесипти улантууга ниеттенип жатканын айткан. 

"Балам кызмат өтөгөн жери ага жагарын, шарттары жана тамак-ашы жакшы экендигин айткан. Суук кабарды угардан бир он күн мурда эле телефон менен сүйлөшкөм. Бошонуп үйгө келгенден кийин кайра ошол чек арада кызмат кылуу планы бар болучу. Аскерге барбай, альтернатива менен алып калалы десек, "апа, мен Мекенге кызмат өтөшүм керек" деген эле да", — деди Майрам Закирова.

Кыргыз Республикасынын чек ара кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алайда жоголуп кеткен чек арачы үчүн офицерлер кызматтан кетти
Бексултандын ата–энеси ал экинчи класс окуп жатканда Чоң-Алайдын Кар-Тейит айылынан Чүйдүн Беловодское шаарчасына көчүп келип, отурукташып калышкан. Учурда ата-энеси Чоң-Алай аймагында баласынын издөө иштерине катышып, табыларына үмүт артып турушат.

Аскер прокуратурасында жоокердин жоголушу боюнча кылмыш иши козголуп, анын кийик уулаганга жиберилгени боюнча версиялар да такталып жатат. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти. 

"Жоокерлердин ууга кеткени боюнча маалыматтар бар. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат",— деп билдирди Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Нурлан Тагаев.

Ал арада Мамлекеттик чек ара кызматы ал өз милдетин өтөп жатканда жоголуп кеткен деп айтууда. 

"Чек ара кезметинде тургандыгы боюнча буйрук бар. Ал милдетин өтөп жатып, жоголуп кеткен", — деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү Гүлмира Бөрүбаева. 

Исмаевдин бүлөсүндөгү эрдиктен кийинки жашоо, өкмөттүн көз жаздымында калган бөбөктөр
Ал жоокерди издөө иштери улантылып жатканын кошумчалады. Бул окуя туурасында Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара башкармалыгына да кабарланган. Алар да өз аймагында издөө иштерин жүргүзүп, бирок жыйынтык бере электигин билдиришкен. 

Издөө иштери бир нече багыттарда жүргүзүлүүдө. Бул — кыргыз-тажик чек ара аймагынан сырткары, эл жашаган жерлер. Аймакты Башкы штабдын Ми-8 тик учагы менен карап чыгышты. Издөө иштерине ИИМ, УКМК жана жергиликтүү эл тартылган. 

Бул окуядан кийин алты офицер кызматынан алынган, алар – Ош жана Жалал-Абад облусу боюнча Чек ара башкармалыгынын жана Ош Чек ара отрядынын командалык курамындагылар.

"Бексултанды алты саны соо бойдон аскерге жөнөткөм, эми мамлекет мага баламды аман-эсен колума салып берсин", — деди Бексултандын апасы Майрам эже. 

Биз аны менен сүйлөшкөн учурда ал баласы жөнүндө жылуу кабар угулуп калар деген үмүттө "Карамык" чек ара заставасынын аймагында жүрүптүр.

Жаңылыктар түрмөгү
0