БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Нөөмөттө туруп жоголуп кеткен чек арачынын иши боюнча кызматтык териштирүү жүрүп, Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча жетекчилиги кызматынан бошотулду.
Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагындагы Карамык айылынан жоголуп кеткен чек арачы 16 күндөн бери изделүүдө. Капчыгай, ашуулар, тоо жолдору текшерилип, издөө иштерине аскер кызматкерлери, ИИМ, УКМК жана жергиликтүү тургундар тартылган. Издөө МИ-8 тик учагы менен жүргүзүлүп жатат.
Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүсүнө ылайык, кызматтык териштирүүдөн кийин окуяга жол берген Ош жана Жалал-Абад облустарынын жана Ош чек ара отрядынын жетекчилиги кызматтан бошотулду.
Мындан тышкары, "Карамык" чек ара заставасынын курамы толугу менен алмаштырылды.