БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Сокулук районунун Асылбаш айлындагы жүгөрү талаасынын ичинде жарым гектар жерге айдалган кара куурай табылганын Чүй облусунун ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү Сокулук РИИБ менен Чүй облусунун ШИИБ тарабынан жүргүзүлгөн. Табылган 1500 түп өсүмдүк экспертизага жөнөтүлүп, анын кара куурай экени аныкталган. Табылган баңгизаттын жалпы салмагы бир тоннадан ашат.
Аталган жер тилкеси 60 жаштагы жергиликтүү тургунга таандык экени анык болду.
Бул факт боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси чечилүүдө. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.