БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Кетмен-Төбө жайлоосунда кара куурай чогултуп жүргөн 38 жаштагы Майлы-Суу шаарынын жашоочусу кармалганын ИИМ билдирет.
Маалыматка ылайык, Кара-Көл ШИИБ 14-август күнү иликтөө иштерин жүргүзгөн. Чогултулган кара куурайдын жалпы салмагы 20 килограмм экени аныкталган.
Учурда баңгизат өсүмдүгү экспертизага жиберилип, текшерүүдөн өтүп жатат. Кылмыш ишин козгоо боюнча маселе каралууда.