Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын ачылышы Кыргызстанда өтөт

Жазылуу
Конфедерация өзүнө элдик, салттуу жана Евразия мамлекеттеринин улуттук спорт оюндары боюнча федерацияларын камтыйт.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын ачылышы жана анын алгачкы жыйыны Кыргызстанда өтө турганын Sputnik агенттигине иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Кыргызстандын спорту 2014-жылы: алдыда умтула турган нерселер көп
Ачылыш салтанаты 7-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарында өтөт. Кыргызстандан тышкары, аземге Түркия, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Иран, Монголия, Тажикстан, Литва жана Азербайжандын өкүлдөрү катышат.

Этноспорт конфедерациясы 2015-жылы Кыргызстан менен Түркиянын демилгеси боюнча түзүлүп, өзүнө элдик, салттуу жана Евразия мамлекеттеринин улуттук спорт оюндары боюнча федерацияларын камтыйт. 

Этноюндарга Евразия өлкөлөрүнүн көк-бөрү, "Кавказ оюндары", "Ердын оюндары", "Маанчар оюндары" "Салбырын" сыяктуу оюндар кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0