"Кыргызстанда 2 207 мектеп бар, алардын баары окуу жылына даяр", — деди Сариева.
Министр айымдын айтымында, окуучулардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде окугандар үчүн өкмөт 480 сааттык программа киргизген.

Бишкек шаарындагы №40-орто мектептин окуучулары гүл кармап келе жатышат.

Балдары жана неберелери 1-класска жетелеп келген ата-энелер. Күзгү күндүн нурунда аларды күтүп отурушат.

Кыргызстандагы бардык мектептер бүгүн окуучулар үчүн эшигин ачты.

Мектепке жасалган алгачкы кадам. Толкундоо.

Балдары мектепке бара турган болуп калса да, эне үчүн алар дайыма кичинекей бойдон кала берет.

Мектептердеги окуу жылы гимн аткаруу менен башталды.

"Сен мектепке кийинки жылы барасың, ээ. Экөөбүз чогуу окуйбуз... "

Классташтарын жана курбуларын сагынгандар.

"Баягы эле 9-Б класс тентек кылып атабы?! Азыр силердиби..."

Гүл кимдин болбосун көңүлүн көтөрөт.

Мектептин босогосун аттаган 1-класстын окуучулары. Алдыда дагы далай күндөр бар.

Быйылкы окуу жылдын коңгуроосу кагылды. Сабакты жакшы окугула, балдар.