Президенттин айтымында, Кулматов өз милдетин аткара албай жатат.
"Таштанды боюнча өтө көп арыз түшүп жатат. Бажы кызматын жетектеп турганда бир топ ийгиликтерди көрсөткөнсүз, бирок мэриянын багыты таптакыр башка. Бул жерде сиз коррупцияга малынган чиновниктер менен эмес, шаар тургундары менен иш алып барасыз", — деди Атамбаев.
Президент, эгер мэр жыл соңуна чейин тийиштүү маселелер чечилбесе, башка жумуш издей берсе боло турганын кошумчалады.