https://sputnik.kg/20150831/1017838652.html
Кыялдар орундалат: оорулуу бала Бишкектеги концерт учурунда ырчы Лепс менен жолукту
Кыялдар орундалат: оорулуу бала Бишкектеги концерт учурунда ырчы Лепс менен жолукту
Sputnik Кыргызстан
Буга чейин Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов Sputnik жарыялаган маалыматка ылайык, концертке келүүгө ниеттенген ДЦП менен ооруган балага өзүнчө орун бөлүп... 31.08.2015, Sputnik Кыргызстан
2015-08-31T23:43+0600
2015-08-31T23:43+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/101783/60/1017836043_0:0:1327:746_1920x0_80_0_0_b57506e43d17aa440c97b60db16e76e8.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2015
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, коом, жаңылыктар, кубанычбек кулматов, григорий лепс, данила лиходаев, кыргызстандын эгемендүүлүк күнү
кыргызстан, коом, жаңылыктар, кубанычбек кулматов, григорий лепс, данила лиходаев, кыргызстандын эгемендүүлүк күнү
Кыялдар орундалат: оорулуу бала Бишкектеги концерт учурунда ырчы Лепс менен жолукту
23:43 31.08.2015 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Буга чейин Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов Sputnik жарыялаган маалыматка ылайык, концертке келүүгө ниеттенген ДЦП менен ооруган балага өзүнчө орун бөлүп берүүгө тапшырма берген.
БИШКЕК, 31-авг — Sputnik. Данила Лиходаев бүгүн Ала-Тоо аянтындагы концерт учурунда сүйүктүү ырчысы Лепс менен жолукту.
"Концертти уюштуруучулар баланын атактуу ырчыга жолугушуусуна жардам кылышты", — деп билдирди Sputnik кабарчысы аянттан.
Мэриянын маалымат кызматынан ырчы Лепс балага белек катары дискке кол тамгасын жазып бергендигин айтышты.
"Бала толкундагандыгынан аптыгып сүйлөй албай калды, анын жүзүнөн кубанып, бактылуу болуп тургандыгын байкоо кыйын болгон жок", —деп кошумчалашты маалымат кызматынан.
Буга чейин Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов Sputnik жарыялаган маалыматка ылайык, концертке келүүгө ниеттенген ДЦП менен ооруган балага өзүнчө орун бөлүп берүүгө тапшырма берген.
Атактуу ырчылар катышкан Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 24 жылдыгына арналган концерт учурда Ала-Тоо аянтында орточо эсеп менен 30 миңдей адамдын көрүүсүндө өтүп жатат.
Sputnik агенттиги концерттен түз алып көрсөтүүдө.