БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Шор-Булак аймагында чек арачылар тарабынан режим бузган кыргызстандык жаран кармалганын Чек ара кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган жарандын жанында тийиштүү документтери болгон эмес. Тешкерүү учурунда анын Ат-Башынын тургуну экени белгилүү болду.
Администрациялык жоопкерчилик боюнча кодекстин негизинде кармалган адам айып пул төлөө жазасына тартылды.