БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кыргызстандын унаа рыногу эч жылыш жок абалда турганын Sputnik агенттигине Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Нурбек Турсунбаев билдирди.
Ушу тапта Россияда унаанын баасы жогорулап жатканы байкоого болот. "Коммерсант" гезитинин айтымында, автоконцерндер күз мезгилин утурлай бааларды көтөрө баштады.
Кыргызстанда абал бир аз башкача. Жергиликтүү рынок расмий өкүлдөр менен иштешпестен, пайдалануудагы унааларды колдон сатып алууну артык көрөт.
Турсунбаевдин айтымында, азыр рынокто жымжырттык өкүм сүрүүдө. Баары тең түшүм жыйнала турган күз мезгилин күтүп жатышат.
"Унаалар аз сатылууда. Көбүнчө өз баасына же андан да төмөн баа кетип жатат. Накталай акчага муктаждык курч, анткени адамдар аны айлантышы керек, кредит төлөө зарыл", — деди ал.
Турсунбаев сатуунун көлөмү жогорулап, мындан улам баа да өсөрүнө ишеним артат.
Унаа сатуу менен алектенген сайттардын биринин модератору Sputnik агенттигине өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу унааларды он-лайн сатуу рыноктогудай эле төмөн экенин билдирди.
"Буга валюта курсунун кескин жогорулашы, акчанын тартыштыгы себеп болууда. Жергиликтүү рынокто унаа абдан көп", — деди маектеш.
Ал күз айларында пайда болгон активдүүлүктөн улам соода жандана турганын белгиледи.