БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын Коммунарлар көчөсүндө жайгашкан үйдөн 40 жаштагы жарандын бычак жеп өлгөнүнө байланышкан кылмыш бети ачылганын Бишкек ШИИБ билдирет.
Кылмыш тууралуу маалымат 21-августта түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери арактын бөтөлкөсүн, бычак, стакан табышкан.
Иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип шаардын 46 жаштагы тургун кармалган. Маалыматка ылайык, ал өлгөн адам менен арак ичип отуруп, уруша кеткен. Андан соң бөтөлкөлөшүн бир нече ирет бычак менен сайган. Алган жараттарынан улам экинчи жаран каза болгон.
Учурда кылмыш иши козголуп, шектелген адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө иштери улантылууда.