БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Жайыл районунда 38 жаштагы келинди мыкаачылык менен бычактап өлтүргөн адам кармалганын Ички иштер министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-августунда түнкү саат бир жарымда Жайыл РИИБге Николаевка айылынын тургунун белгисиз адам бычактап кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Иликтөө иштеринин натыйжасында келин Кара-Кулжа районунан келип, эки айдан бери аталган дарек боюнча 8 жана 11 жаштагы эки кызы менен жашап жатканы ачыкталган.
Кырсык болгон түнү келинге үч жыл бою чогуу жашап, эки ай мурун ажырашып кеткен жарандык күйөөсү кеип, ортолорунда чыр чыгып, мындан улам эркек кыздарынын көзүнчө келинди бычактап салган. Андан соң окуя болгон жерден из жашырып кеткен.
Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду. Издөө иштеринин натыйжасында айыпталып жаткан жаран Кара-Балта шаарынын четиндеги талаадан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери жүрүп жатат.