Рахимов: КТЖны өлкө боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу сактап калат

© AFP / STRТемир жолдо бара жаткан жүргүнчү. Архив
Темир жолдо бара жаткан жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата мекендик вагондор качан ордунан жылып жана Кыргызстандын темир жол индустриясын эмнелер күтүп турганы жөнүндө Sputnik агенттигине эксперт Кубат Рахимов айтып берди.

Казакстандын Белоруссия, Украина жана Балтика өлкөлөрүндөгү темир жол өкүлчүлүгүнүн мурдагы башчысы, Казакстандын Россиядагы темир жол өкүлчүлүк башчысынын мурдагы биринчи орун басары эмне үчүн Кыргызстанда учактар поездге караганда көп пайдаланылып жатканы жана акыркысы өзүнүн мурдагы ордун ээлегенге алы келер-келбеси жөнүндө өз оюн айтты.

— 2009-жылы эле Кыргызстанда поезд менен жүрүүнү каалагандардын саны азыркыга караганда үчтөн бир эсе көбүрөөк болчу. 2011-жылы учак жана поезд менен жүрүүчүлөрдүн саны тең келип, ал эми Улуттук статкомдун маалыматтарына караганда, акыркы мезгилде учууну каалагандардын саны эки эсе көбөйгөн. Бул эмнеге байланыштуу?

Поезд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бейшембиден тарта Ташкент-Балыкчы поезд каттамы жанданмакчы
— Бул жерде ата мекендик жүк ташуунун өзгөчөлүгүн түшүнүш керек. Биздин өлкөдө темир жол аркылуу жүргүнчүлөр гана эмес, жүктөр менен жүргүнчүлөр көп ташылчу. "Ледышки" деген эмне билесизи? Бул өзгөчө бир ыкма менен тыгындалып салынган кийим. Чоңдугу кадимки эле чемодандай болгон жүктүн салмагы бир центнерге жетет. Учак менен мындай жүктү жеткирүү өтө кымбат. Мисалы, "Аэрофлоттун" ченемдери боюнча бир жүргүнчү өзү менен кошо учакка 23 килограмм гана жүк сала алат. Бажы тартибинин катуулашы менен товар ташып жүрүүчүлөрдүн саны кескин азайган. 

Катардагы жүргүнчүлөр аба жолун тандашат. Анын үстүнө, учактын жол киреси, айрыкча билетти алдын ала сатып алсаң, поездикинен бир топ арзан. Жана, албетте, тейлөө деңгээли. Биздин парк жаңыланбаганына көп болду, кыязы, биздин темир жолдордон болгондун баарын сыгып алып жатышат окшойт.

— Баса, РТЖ президенти Владимир Якунин – азыр өз ордун таштап, сенаторлукка талапкерлигин коюп жатпайбы, Россияда бул тармакты чындап эле кайра жандандырды, дал ушул адам РТЖга жаңы өмүр берди десек болот. Мүмкүн жөн гана "Кыргыз Темир Жолу" (КТЖ) башкармалыгына тийиштүү адам келе элек болуп жүрбөсүн?

— Компаниянын жетекчилиги тармакты жандандыруу аракеттерин көргөн. Ал тургай, каржылык грант алууга Азия өнүктүрүү банкына да арыз беришкен. Бирок жүгүртүүдөгү каражаттын дайыма эле жетишсиздиги ишканага өз оюн ишке ашырууга мүмкүндүк бербей жатат. 

Тез, сарамжалдуу жана суукка чыдамдуу – Кыргызстандагы жаңы тепловоздор
Мамлекеттик темир жолдор аркылуу жеке менчик вагондор жүрсө, жакшы болот деген ишеничтемин. Бул компаниялардын ортосунда атаандаштыкты жаратмак, темир жолдорду курууга түрткү бермек.

Кыргызстан көз карандысыздык алгандан бери канча темир жол курду деп өзүңүздөн сурап көрүңүз. Бир карыш да темир жол салган жок. Биз өлкөдө демократия деп көкүрөгүбүздү каалашыбызча койгулай берсек болот. Бирок кенедей жаңы жол салынбагандан кийин, анын кандай мааниси бар?

— Бардык эле КМШ өлкөлөрү ушундай абалда болсо керек. ССРдин жоюлушу, ар кандай кыйынчылыктар дегендей …

— Бул жагынан биздин коңшулар бир топ ийгиликке жетти. КМШ боюнча транзиттик коридорлор курулуп, тез жүрүүчү поезддер пайдаланууга кирип жатат. Ал тургай, Тажикстан өзүндө болгон жарандык согушка жана узакка созулган экономикалык каатчылыкка карабай, жолдорду салып жатат. Мындай таймашка Түркмөнстан да кошулду. 

— Бизде деле бир нече темир жол куруу пландалып жатпайбы … коңшу өлкөлөр да жардам беребиз деп убада кылышкан.

— Туура, чынында эле Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытай өлкөлөрүн туташтыра турган темир жолду куруу долбоору көптөн бери талкууланып жатат. Бирок мында бир нече маанилүү нерсени эске алыш керек. Эң биринчи кезекте, ал жолдун өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштыруучу бөлүгүн куруп туруп, андан кийин гана Кытай менен Өзбекстанга өткүдөй жол ачып бериш керек. Башкача айтканда, акчаны эртең менен төлөп, отургучтарды кечинде алышсын. 

— Сизде дагы башка чечкиндүү идеялар барбы?

— Бар. Чүй өрөөнүндө туташ жайгашкан шаарлардын ортосунда жүргүнчүлөр үчүн тез жүрүүчү темир жол түйүнү курулса, сонун болмок. Бул жүргүнчүлөрдү ташуу тармагынын абалын төмөндөтмөк эмес.

Дагы КТЖ Бишкек — Чолпон-Ата же Бишкек — Каракол каттамдары боюнча өз кызматын сунуштай алса, жакшы эле болмок. Мында сөзсүз эле кошумча жолдорду куруунун зарылчылыгы жок. Мисалы, поезд Балыкчыга токтогон жерден жүргүнчүлөрдү уюшкан түрдө автобустарга отургузуп андан ары алып кетсе болот да.

Жаңылыктар түрмөгү
0