Оштон 35 чакырым аралыкта Орто Азиянын эң кызыктуу спелеологиялык жана туристтик объекилеринин бири — Төө-Моюн тоосу орун алган.
Ал жерде Ферсман, Ири Барит үңкүрү, Ажыдаар үңкүр, Чоң-Чункур Сюрприз үңкүрлөрү баарынан белгилүү. Табигый түзүлүштөр татаал өтмөктөрдөн, кенен ойдуңдардан жана лабиринттерден туруп, жалпы узундугу ондогон чакырымга жетет.

1/16
© Влад Ушаков
Үңкүрлөрдү байыртан бери эл табигый баш калкалоочу жер катары пайдаланып, ызгаар сууктан, жырткычтардан жана башка коркунучтардан коргонуп келген. Ажыдаар-Үңкүргө кире бериш.

2/16
© Влад Ушаков
Тоону Араван-Сай суусунун нугунан жаралган, тереңдиги 300 метр келген Данги каньону бөлүп турат.

3/16
© Влад Ущаков
Тоо массиви негизинен акиташтан турат, ошондуктан карст суусунун жешинен пайда үңкүрлөр көп.

4/16
© Влад Ушаков
Үңкүрлөр менен өтмөктөрдүн ички беттери түрдүү түстөгү кристалл менен кооздолгон.

5/16
© Влад Ушаков
Ири Батир үңкүрүнүн оозу массивдин түштүк боорунда жайгашкан.

6/16
© Влад Ушаков
Мрамор ониксинин эки түрдүү каптамалары бар.

7/16
© Влад Ушаков
Таштын эки түрү тең жогорку сапатта жылмаланган.

8/16
© Влад Ушаков
Тилекке каршы, азыркы учурда үңкүрлөрдүн баалуу таштары такыр тонолгон.

9/16
© Влад Ушаков
Ажыдаардын үңкүрү ошол эле сол эңкейиште Барит үңкүрүнөн жогору жайгашкан.

10/16
© Влад Ушаков
Үңкүрдөгү 110 метр тереңдикте ... да жашоо уланууда.

11/16
© Влад Ушаков
Сиздердин назарыңыздарда өлкө боюнча жарганаттардын эң чоң үйүрү.

12/16
© Влад Ушаков
Данги каньонунун оң капталында орун алган Сюрприз үңкүрү үч ченемдүү татаал түзүлүшкө ээ жана жер алдындагы карст сууларынын деңгээлине чейин жетет

13/16
© Влад Ушаков
Үңкүргө түшүү татаал. Ойку-кайкы, көп баскычтуу жана ичке жол үстүнкү беттен 100 метр төмөн турат.

14/16
© Влад Ушаков
Төө-Моюндун бардык үңкүрлөрү ушул гана аймакка мүнөздүү минералдарга бай келет.

15/16
© Влад Ушаков
Ар кыл түстөгү жана түзүлүштөгү кристаллдар көпчүлүк үңкүрлөр менен өтмөктөрдүн бетин кооздоп турат.

16/16
© Влад Ушаков
Адаттан тышкаркы минералдык курамы жана өрчүшүнүн кызыктуу тарыхы Төө-Моюндун үңкүрлөрүн олуттуу минералогиялык изилдөөлөр үчүн эң кызыктуу жайга айлантат.