БИШКЕК, 11-авг — Sputnik. Баңгизаттарына каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат башчысы Рафик Мамбеталиев Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директору Илим Карыпбеков менен жолугуп, кызматташууну талкуулады. Бул туурасында аталган кызматтын маалымат кызматы билдирди.
Тараптар баңгизаттарын колдонуунун алдын алуу боюнча өлкөдөгү жүргүзүлгөн маалыматтык саясаттын алкагында өз ара иштешүүнү, ошону менен катар эле баңгизаттарын мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүүнү талкуулады.
Жолугушууда Мамбеталиев менен Карыпбеков эл арасында сергек жашоону үгүттөө, баңгизаттарын колдонуунун алдын алуу боюнча иштери активдештирүүнү, КТРКнын эфирине баңги заттарына каршы темадагы социалдык жарнама жайгаштырууну макулдашты. Ал жумасына телесюжет түрүндө 10-15 мүнөттөн кетип турмакчы.