БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Жети-Өгүз районундагы Көк-Жайык жайлоосунда эс алуучулардын "Тойота-Ипсум" унаасы сууга түшүп кеткенин ӨКМ билдирет.
Маалыматка ылайык, айдоочу машинанын токтотуучу рычагын көтөрбөй туруп чыгып кеткен. Автоунаа эңкейиш жерде болгондуктан, ордунан козголуп, Жети-Өгүз суусуна түшүп кеткен. Суу машинаны 70 метр аралыкка чейин агызып барган.
Кырсык 5-август күнү болгон. Жабыркагандар жок.
Окуя болгон жерге өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, тростун жардамы менен автоунааны чыгарып, ээсине өткөрүп беришкен.