00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
08:43
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:47
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
12 мин
Личный интерес
Запрет на импорт из Индии: мифы и факты о вирусе Nipah
16:13
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
өжөрлүк жеткирген ийгилик — азиз жигит кантип спортчу болду
17:04
57 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Алиментщиков предлагают устраивать на работу и арестовывать за неуплату: беседа о новом законопроекте
18:08
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Особый акцент
Затопило квартиру в недостроенном доме: кто возместит ущерб
20:08
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕЭКтин чечими: минералдык жер семирткичтерди импорттоодо бажы жеңилдиги
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чек ара кызматы: кыргыз чек арачылары ок чыгарган эмес

Жазылуу
Ок Тажикстандын аймагынан атылган. Саат түшкү 2.25ке карата Баткен облусунун чек арасында абал татаал бойдон калууда.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу учурунда кыргыз чек арачылары ок чыгарбаганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.

Автомат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуп, бир нече адам жарадар болду
Маалыматка ылайык, ок Тажикстандын аймагынан атылган. Саат түшкү 2.25ке карата Баткен облусунун чек арасында абал татаал бойдон калууда. 

Баткен облустук ооруканасынан азырынча аларга жабыркагандар түшө электигин билдиришти.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан бир нече адам жаракат алып, ооруканага жөнөтүлгөнүн аталган айылдын өкүлдөрү маалымдаган.

Баткен районундагы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара аймагында 3-августта башталган чатактан кыргызстандык беш жаран жарадар болуп, жети үй жабыр тартып жана бир автоунаанын айнеги талкаланган.

Чатак Көк-Таш айылынын жашоочулары унаа менен мүрзөгө кетип бара жатканда, Май айылында жашаган тажик бүлөлөрү жолду тосуп алгандан келип чыккан. Ага нааразы болгон кыргызстандыктар, ошол аймакта тажиктер жашаган Чорку айылына кеткен сууну жаап салган. 

Тажик саясат таануучусу: чек ара чатактарын элдин ынтымагы гана чече алат
Мындан улам, 120га жакын тажик жарандары жана 80ге чукул кыргыз жарандары чатак учурунда бири-тирине таш ыргытып, урушуп кеткен. 

Учурда чыр-чатак болгон жерде жамааттар менен өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Укук коргоо органдарынын жана чек ара кызматынын өкүлдөрү абалга көзөмөл жүргүзүп, кырдаал курчуп кетсе биргеликте иш алып барууга даяр турушат.

Кыргызстан менен Тажикстан жарандарынын Көк-Таш айылында болгон чыр-чатагы жөнүндө Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0