БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Чек ара тилкеси такталганга чейин элдик дипломатияны жаңжалдарды басууда негизги инструмент катары кароо керектигин Тажикстандын саясат таануучулар ассоциациясынын төрагасы, саясий илимдердин кандидаты Абдугани Мамадазимов белгиледи.
Маалыматка ылайык, чатак Көк-Таш айылынын жашоочулары унаа менен мүрзөгө кетип бара жатканда, Май айылында жашаган тажик бүлөлөрү жолду тосуп алгандан келип чыккан. Ага нааразы болгон кыргызстандыктар тажиктер жашаган Чорку айылына кеткен сууну бууп салган. Учурда чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу.
Саясат таануучунун айтымында, чек ара аймактарындагы жергиликтүү чыр-чатактар такай эле болуп келет.
"Мындай абал талаштуу болгон чек ара аймактары такталгандан кийин гана чечилиши мүмкүн. Маселени чечүүнү ылдамдатуу керектигин эки тарап тең түшүнүп турат. Бул багытта өкмөттөр аралык комиссия болгон аракетти көрүүдө", — деди ал.
Мамадазимов Кыргызстандын ЕАЭБге киришинен улам коңшу мамлекеттер менен болгон чек аралары кеңейгенин айтып, чыр-чатактарды чечүүгө мүмкүнчүлүк бере турганын кошумчалады.
"Эки мамлекеттин экономикалык жаатта – электр энергияны жеткирүү, суу ресурстары боюнча тыгыз кызматташуусу чек ара маселесине да таасирин берет", — дейт саясат таануучу.
Эки мамлекеттин достук мамилеси бар деген карапайым калктын түшүнүгү тынчтыктын жана бейпилдиктин кепилдиги болот деп эсептейт саясат таануучу.
"Чек ара тилкеси такталганга чейин элдик дипломатияны жаңжалдарды басаңдатууда негизги инструмент катары кароо керек", — деген пикирин кошумчалады Мамадазимов.
Эки мамлекеттин чек ара кызматтарынын курал колдонбоо боюнча келишими – айыл тургундарынын тартып, республиканын жетекчилерине чейин жергиликтүү чыр-чатактарды токтотууга, элдердин достугун чыңдоого болгон каалоосун билдирип турат деп эсептейт саясат таануучу.