БИШКЕК, 3-авг — Sputnik. Талас районунун акиминин милдетин аткаруучу болуп Кадырбек Табышев дайындалганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.
Премьер-министр Темир Сариев бүгүн аны ээлеген кызматынан бошотту. Өкмөт башчы буга чейин Өзүбеков эки жума ишке чыкпай, жергиликтүү кеңешинин чогулуш, митингдерин уюштуруп, "саясат менен алектенип" жатканын айткан.
Өзүбеков кызматтан арыз жазып өз ыктыяры менен кеткенин жарыялады. Бирок өкмөт кызматтан бошотуу тууралуу буйрукка кол коюлуп жаткан учурда аппаратка бул боюнча арыз келип түшпөгөнүн билдирди.
Акимдин милдетин аткаруучу Табышев буга чейин Талас районунун жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келген.