БИШКЕК, 3-авг — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районундагы Озерная аймагында чек ара тартибин бузган Чехиянын эки жараны менен бирге беш кыргызстандык жаран кармалганын Чек ара кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 2-августунда болгон.
Чек ара аймагында жүрүүгө уруксат берчү документтин жоктугунан, аталган жарандар Администрациялык кодекстин 389-беренесинин негизинде жоопко тартылды.