БИШКЕК, 3-авг — Sputnik. Акыркы мезгилде Кыргызстанда үч күн сайын жер титиреп жатканын Сейсмология институтунун сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, жай мезгилинин аралыгында республиканын аймагында жалпысынан 23 жер титирөө катталып, июнь айында 10, июлда 12, ал эми август айында бир жер титирөө болгон. Анын сегиз жолкусунда жердин силкинүүсү 4 баллдан ашкан.
Июлда бир күндө эки жолу жер титиреген учурлар катталган.