00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кунарсыз жерлерди калыбына келтирүү долбоору — мигранттар үчүн ийгиликтүү боло алабы?
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что показала евразийская интеграция в цифрах и экономике — беседа с министром ЕЭК
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Улуттук академиялык драма театрынын чыгармачылык саясаты жана өнүгүү багыттары
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Быйыл калкты тейлөө борборлору 3,6 миллион кызмат көрсөттү — жыл жыйынтыгы
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
ЕАЭБдин эркин экономикалык зонасы. Ири экономикалуу өлкөлөрдү эмнеси менен өзүнө тартат?
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Тоолуктардын ден соолугун бөлүп изилдеген институт 70 жыл мурда эле түзүлгөн
19:06
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл калкты тейлөө борборлору 3,6 миллион кызмат көрсөттү — жыл жыйынтыгы
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандык окуучу Бакуда өткөн химия боюнча олимпиадада үчүнчү орунду ээледи

© пресс-служба МОиН КРТалас облусунда билим алган Темирлан Кубаналиев химия боюнча эл аралык олимпиадада коло байгеге ээ болду. Архив
Талас облусунда билим алган Темирлан Кубаналиев химия боюнча эл аралык олимпиадада коло байгеге ээ болду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык окуучу химия боюнча олимпиадага үчүнчү ирет катышты. Дагы бир мекендешибиз биринчи ондукка кирди.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Талас шаарындагы "Себат" балдар лицейинин окуучусу Темирлан Кубаналиев химия боюнча эл аралык олимпиадада коло байгеге ээ болгонун Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Москва мамлекеттик университеттин Баку шаарындагы филиалы тарабынан уюштурулган химия боюнча 47- эл аралык олимпиадага беш континенттин 75 өлкөсүнөн 300 жаш химиячы катышты. Калыстар тобу, эксперттер, мугалимдер, жетекчилер жана команда лидерлери болуп сынакка дагы 250 химиячы чогулду.

"Таластын 11-классынын окуучусу Темирлан Кубаналиев экинчи орунду ээлеген атаандашынан бир аз гана калып, коло байгесиен жетти", — деп билдиришти министрликтен. 

Кыргызстандын атынан Талас менен Бишкектин 10-11-класстарынын төрт окуучусу барган. Делегациянын дагы бир күчтүү катышуучусу Дооронбек Маметов алдыңкы он мыктынын катарына кирди. 

Делегация жетекчиси Бакыт Боркоевдин айтымында, Кыргызстан эки жылдан бери мындай жогорку көрсөткүчтөргө жетише элек эле.

"Темирлан эл аралык олимпиадага үчүнчү ирет катышып жатат. 2013-жылы Москвада, былтыр болсо Ханоеде олимпиадага катышкан. Байгелүү орунга жетүү үчүн ал жетиштүү тажрыйбага жеткен", — деди Боркоев.

Окуучулар олимпиадага эки ай даярданышкан.

Билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашимбаева Кыргызстан химия боюнча эл аралык олимпиадага 16-ирет катышып жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0