БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Жалал-Абад облусунда бүгүн түшкү саат 1.30дар чамасында 3 баллдык жер титирегенин Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен ӨКМ билдирди.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, жер титирөөнүн очогу Майлуу-Сай шаарынан 10 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Көк-Таш айылында жана Майлуу-Суу шаарында жердин силкинүүсү 2,5 баллга жеткен.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабыр тарткандар жана каза болгондор жок.