БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Ош шаарында мекемелер аралык "Апийим — 2015" операциясынын алкагында үч тоннага жакын кара куурай жок кылынганын Мамлекеттик баңгизатты көзөмөлдөө кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кызматтын Түштүк аймагы боюнча башкармалыгы 22-28-июль күндөрү Ош шаарында "Кара куурай" деп аталган ыкчам-алдын алуу иштери жүргүздү.
Ош ШИИБ Жапалак милиция бөлүмү катышкан иш-чаранын натыйжасында үч тонна жапайы өскөн кара куурай өрттөлүп жок кылынды.