Парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрда башталат

© flickr.com / Tom PageҮн күчөткүч. Архив
Үн күчөткүч. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы өткөн ишембиде, 25-июлда парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү боюнча Жарлыкка кол койду.

БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. Шайлоонун үгүт иштери 4-сентябрда баштала турганы боюнча чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

Шайлоо Кыргызстанда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Парламенттик шайлоого даярдануу үчүн 220 млн. сомго чукул акча кетет
Парламенттик шайлоого катыша турган партиялар август айында БШКга тийиштүү документтерин тапшырып, каттоодон өтүшү керек.

4-сентябрга чейин кандайдыр бир үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

Өлкө башчысы 25-июлда парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү боюнча Жарлыкка кол койду. Күздө боло турчу шайлоодо жарандар биометрикалык маалыматтары аркылуу гана добуш бере алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0