БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев коррупция менен күрөшүүдө эч кимди аябай турганын айтты деп президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев Sputnik сайтына билдирди.
"Мен кечээ бул боюнча президенттин пикирин уктум. Ал коррупция менен күрөшүүдө эч кимди — жакындарын да, же чогуу иштеп жүргөн кишилерди да аябай турганын айтты", — деп билдирди Акаев.
Ал эми камакка алынган президенттин аппараттынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев боюнча, эгер анын күнөөсү аныктала турган болсо, мыйзам алдында жооп бериши керектигин Атамбаев белиглегенин кошумчалады ал.
Данияр Нарымбаев экс-депутат Нариман Түлеевдин жакындарынан Түлеевдин камакка алынган мүлкү боюнча ишти оң жагына чечип берүүгө жардам берем деп пара алган деп шектелүүдө.