БИШКЕК, 16-июль — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети эл аралык террористтик топтун мүчөлөрүн жок кылуу боюнча операция жүргүзүп жатканын мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын Горький жана Темиров көчөлөрүнүн кесилишинде атышуу болуп, коюу түтүн үйдөн чыгып жатканын күбө билдирген болчу. Азыркы тапта атышуу улантылууда.
"Учурда эки боевик жок кылынды, калгандары куралдуу каршылык көрсөтүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Элдин коопсуздугун камсыздап, өлүмгө алып келбөө үчүн тийиштүү коопсуздук чаралары көрүлүүдө.
Операция жүрүп жаткан аймак курчоого алынып, укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрү абалды көзөмөлдөп турат.
Операциянын жыйынтыгы боюнча толук маалымат кийинчерээк берилерин УКМКнын маалымат кызматы билдирди.