БИШКЕК, 16-июль — Sputnik. Бишкек шаарынын Горький жана Темиров көчөлөрүнүн кесилишинде атышуу болуп, коюу түтүн үйдөн чыгып жатканын күбө билдирди.
Күбөнүн айтымында, окуя болгон жерде куралданган укук коргоо органдары жүрөт. Алардын арасында снайперлер да бар.
"Бардыгы камуфляж кийип алышыптыр. Атышуу эки тараптан тең жүрүүдө", — деди ал.
Окуя болгон жер курчоого алынды.