БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жарандардан биометрикалык маалыматтарды чогултуунун экинчи этабы башталганын, мындан улам бир да аким эмгек өргүүсүнө чыкпай турганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Сарпашев түштүккө болгон иш сапарынын алкагында Таш-Көмүр шаарында Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондорунун активи менен жолукту.
Биринчи вице-премьердин айтымында, биометрия добуш берүү маалында шайлоочунун өздүгүн тактоочу милдетти аткарат.
"Биометрия, биринчи кезекте, шайлоочуга керек. Добуш уурдоо эмнеге алып келерин 2005 жана 2010-жылдагы окуялар көрсөттү. Биометрикалык маалыматты жасалмалоо абдан татаал. Келечекте мамлекеттик тейлөө кызматына биометриянын 17 функциясын киргизүү каралууда. Бүгүнкү күндө бүтүндөй аалам биометриялык системаны киргизүүгө багыт алды", — деди Сарпашев.
Ал акимдерге жигердүү иштеп, 15-августка чейин шайлоочулардын акыркы тизмесин берүүнү тапшырды.
"Эч ким эс алууга чыкпайт. Эгер эмгек өргүүсү тууралуу арыз жазсаңар ошондон ары кетесиңер", — деди чиновник.
Сарпашев учурда жүрүп жаткан биометрикалык каттоо шайлоочулардын тизмесин аныктоонун, ошону менен эле ички жана тышкы миграция боюнча абалды тастыктап бергенин кошумчалады.