БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев укук коргоо органдары тарабынан кармалбаганын өлкө башчынын маалымат катчысы Жанар Акаев билдирди.
Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында алдын ала маалыматтар боюнча экс-депутат Түлеевдин үй-бүлөсүнөн пара талап кылганы үчүн президенттин аппарат жетекчиси кармалганы тууралуу айтылган.
"Нарымбаев учурда чогулуш өткөрүп жатат. Анын кармалганы тууралуу маалымат чындыкка төп келбейт", — деди Акаев.
Буга чейин Жогорку Кеңеш депутаты Х.К. 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК маалымат кызматы билдирген. ЖК депутаттарынын тизмесинде "Х.К" инициалына Хажимурат Коркмазовдун аты-жөнү туура келет. Эл өкүлү "Реформа үчүн" депутаттык топтун курамында турат.