Башкыртстан Кыргызстанда өстүрүлгөн продукцияларды саткан компания издеп жатат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүБашкыртстандагы Уфа шаары. архив
Башкыртстандагы Уфа шаары. архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкыртстан картошка, сабиз, пияз, кызылча, капуста, алма, алмурут баштаган жашылча-жемиштерди сатып алат.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Башкыртстан кыргыз продукцияларын — жашылча-жемиштерди, бакча өсүмдүктөрүн сатып алууга кызыкдар, деп Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Башкыртстандын компаниялары картошка, сабиз, пияз, кызылча, капуста, алма, алмурут, жүзүм, помидор, данектүү жемиштерин импорттоого кызыгып, атайын тизме түзүп келди", — деп билдирди аталган министрликтин маалымат кызматы. 

Аталган республиканын азык-түлүк сатып алуу боюнча иш алып барган мекемеси кызыкдар болгон кыргызстандык тараптар үчүн байланышууга өздөрүнүн дарегин беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0