Кыргыз-тажик чек арасында 5 баллдык жер титиреди

© flickr.com / a.dombrowskiЧек ара чырмыны. Архив
Чек ара чырмыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын Ачык-Суу, Дароот-Коргон, Карамык, Кашка-Суу, айылдарында катуу сезилген.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында 5 баллдык жер титирегенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматы боюнча 14-июлда түнкү саат 00:25 де күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда күчү 5 баллга жеткен жер титиреди
Жер титирөөнүн очогу Тажикистандын аймагында болуп, Кызыл-Кыя шаарынан 115 чакырым жана Ош шаарынан 140 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан.

Жер титирөө Кыргызстандын Баткен облусунун аймагында катуу сезилген. Ачык-Суу айылында 4 баллга, Дароот-Коргон, Карамык, Кашка-Суу, Кара-Кабак, Шибээ, Жар-Башы айылдарында 3 баллга чейин болгон.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0