БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы борбордук аянтта ооз ачыруу уюштурууга уруксат бербегенин аталган иш чаранын уюштуруучусу Ормон Нурбек уулу Sputnik сайтына билдирди.
Алар 15-июлда Ала-Тоо аянтынын жанындагы Курманжан датка аллеясынында орозо кармагандарга ооз ачыруу уюштурууну пландашкан.
Бишкек шаарынын мэриясы Ала-Тоо аянтынын жанындагы Курманжан датка аллеясында уюштурула турган ооз ачыруу санитардык нормаларга туура келбейт деген жүйө менен ооз ачыруу уюштурууга уруксат берген эмес.