Чет өлкөдө жашоону каалаган кыргызстандыктардын саны азаюуда

© Sputnik / Табылды КадырбековМигрант кыз Москва шаарында. Архив
Мигрант кыз  Москва шаарында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгачкы төрт айдын ичинде Кыргызстанга мигрант катары 1369 чет элдик жаран келсе, 2 338 жергиликтүү тургун өлкөдөн чыгып кеткен.

БИШКЕК, 12-июль — Sputnik. Кыргызстандан чет жакка чыгып кеткендердин көбү Чүй облусунан. Бул туурасында Улуттук статистикалык комитет билдирди. 

Кыргыз Республикасынын паспорту - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын жарандыгын алган чет элдиктердин саны өсүүдө
Маалыматка ылайык, былтыр 1 516 жаран чыгып кетсе, быйыл январдан апрелге чейинки аралыкта 969 адамга аз катталган.

Аталган мезгил ичинде Кыргызстанга мигрант катары 1 369 чет элдик жаран келсе, 2338 жергиликтүү тургун өлкөдөн чыгып кеткен.

Статистиканын эсебинде эң көп чет элдик мигрант – 467 адам Бишкек шаарына байырлаган. Ал эми чет жакка чыгып кеткендердин көбү – 692 жаран Чүй облусунан экенин белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0