БИШКЕК, 11-июль — Sputnik. Араван районунун Чек-Абад айыл аймагында Фергана каналына киринип жатып сууга чөгүп кеткен Абдулмухтин Юсуповдун сөөгү табылганын ӨКМ маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, окуянын 7-июль күнү Жар-Кыштак айылын кесип өткөн Түштүк Фергана суусунда болгону катталган. 21 жаштагы жаран сууга түшүп жатып, кокусунан агып кетип, аны туугандары жана куткаруучулар тарабынан үч күн бою издеген.
Натыйжада, 10-июль күнү саат түшкө жуук Юсуповдун жансыз денеси Өзбекстандын Фергана облусунун Беш-Арык участкасынан жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, саат кечинде Кадам-Жай өткөрүү бекети аркылуу туугандарына өткөрүлүп берилген.