БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. 8-июлда Ош облусундагы Отуз-Адыр каналына эки бала чөгүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Бир баланын сөөгүн туугандары ошол эле күнү табышкан, ал эми экинчи баланы бир күн өткөндөн кийин куткаруучулар таап чыгышты.
Балдардын бири 10, экинчиси 12 жашта болгон.