Шаардык милициянын №10 Свердлов райондук ичи иштер бөлүмү "Көпөлөк" деп аталган рейд жүргүздү. Жыйынтыгында, жеңил жүрүм-турумдагы 35 кыз кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди.
"Кармалган кыздардын ким экендигин тактадык, манжаларынын издерин алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коё бердик", — деди Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Олжобай Казабаев.
Ал эгерде бул кыздар кайрадан кармалса, иши сотко өтөрүн кошумчалады.
Маалымат катчысы акыркы учурда кыздарды сойкулукка азгырган учурлар көбөйгөндүгүн айтты.