"Жалал-Абад электро" ишканасында 10 миллионго жакын акчаны кымырып алышкан

Жазылуу
Ишкананын акчаларын мыйзамсыз документтер менен өзүнө чыгарып алгандыгы боюнча "Жалал-Абад электро" акционердик коомунун кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. "Жалал-Абад электро" ишканасынын жетекчилиги 10 миллионго жакын каражатты мыйзамсыз түрдө өздөрүнө кымырып алган. Бул туурасында Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын маалымат кызматы билдирди.

"Жалал-Абад электро" акционердик коомунунун жоопкер кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма документтердин негизинде 9 миллион 674 миң сомду өздөрүнө чыгарып алышкан", — деп билдирди аталган ведомствонун маалымат кызматы.

Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин эки беренеси менен иш козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0