БИШКЕК, 6-июль — Sputnik. Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанда иш-сапары учурунда, Бишкекте Индиянын лидери жана идеологу Махатма Гандинин айкели ачылат жана Коргоо министрлигине медициналык жабдуулар тапшырылат. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстанга алгач ирет келип жаткан Нарендра Моди президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчысы Темир Сариев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугат.
"Иш сапары учурунда маданият, коргонуу, метрология жана стандартташтыруу, ошондой эле шайлоо өткөрүү жаатында кызматташуулар боюнча бир катар документтерге кол коюлат", — деп билдирди ТИМдин маалымат кызматы.
Наренра Моди Кыргызстанга расмий иш-сапары менен алгачкы ирет келип жатат.