БИШКЕК, 6-июль — Sputnik. Өткөн суткада куткаруучуларга үч чакыруу түшкөнүн ӨКМ маалымат кызматы кабарлайт.
Бишкекте куткаруучулар "Комсомол" көлүндө сууга чөгүп бара жаткан 18 жашар жаранды алып калышты.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 29-июнь күнү Балык-Суу көлмөсүнүн жээгинен дайынсыз жоголуп кеткен жети жаштагы Нурсултан изделүүдө. Учурда өз алдынча издеп жаткан баланын туугандарына ӨКМ куткаруучулары, милиция кызматкерлери кошулду.
Мындан тышкары, беш жашар Дилшат Хайыпбаев изделип жатат. Маалыматтарга Караганда, бала Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусуна түшүп кеткен. Азыр Дилшатты Караколдун куткаруучулары издөөдө.