КР футбол курама командасынын оюнчусу Кичин "Анжиден" "Тюменге" өттү

© Sputnik / Григорий Соколов / Медиабанкка өтүүФутболчулар Виталий Бордиян (солдо) жана Валерий Кичин. Архив
Футболчулар Виталий Бордиян (солдо) жана Валерий Кичин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы клубга өткөн футболчу 2-номер менен ойнойт. Футболчу командага келгенине сүйүнгөнүн айтып, аны клубда күтүп жатышкандыктарын кошумчалады.

БИШКЕК, 5-июль — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын коргоочусу Валерий Кичин "Тюмень" футбол клубу менен келишимге кол койгонун КРдин футбол федерациясы билдирди.

Чет элдиктер КРда өткөн футбол оюну тууралуу: мыкты күйөрмандар жана сулуу кыздар
2014/2015-жылдын экинчи жарымында Кичин "Тюмень" клубунда убактылуу ойногон.

Мурда махачкалалык "Анжида" ойногон футболчу эми "Тюмень" клубу менен келишим түздү. Кичин 2-номер менен ойнойт.

Футболчу командага келгенине сүйүнгөнүн айтып, аны клубда күтүп жатышкандыктарын кошумчалады. Анын жаңы клубу күйөрмандарын өз жеңиштери менен кубандырат деп ишенерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0