БИШКЕК, 4-июль — Sputnik. Кыргызстандын куралдуу күчтөрү бандалык топторго сокку берүүгө даяр деп билдирди премьер-министр Темир Сариев РИА Новостиге берген маегинде.
Анын айтымында, Афганистандагы абал "Ислам мамлекети " менен "Талибандан" улам кооптуу болуп турат.
"Тынчтыкты орнотуучу топтор кетип жатат, Афганистан бийлиги аймакты толугу менен көзөмөлдөй албай жатат. Аны менен чектешкен мамлекеттерде тобокелдик жаралып жатат. Душанбедеги иш-сапарымда Тажикстан менен жетекчилиги жолукканда, бул жатта алар кооптонуп жаткандыктарын билдиришти", — деди Сариев.
Сариев коопсуздукту камсыздоо үчүн чек арага көп көңүл бурулуп, зарылдыгына жараша камсыздалып жаткандыгын айтты. Ал Кыргызстандын куралдуу күчтөрү бандалык топторго сокку берүүгө даяр экендигин кошумчалады.