Кубан Абдымен, журналист, саясат таануучу
Демек, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу Улуу Жибек жолундагы экономикалык алкак аттуу долбоордун үстүндө кызуу иштеп жаткан Кытайдын коңшусу менен болгон мамилеге таасирин тийгизет. Ири масштабдуу аталган долбоор 65 мамлекетти камтыйт. Анын ичинде ЕАЭБ мамлекеттери да бар.
Бирок, эгер Кыргызстан башка мамлекеттерден импорт көлөмүн кыскартууга мажбур болсо, өлкөнүн экономикасы жабыр тартары айдан ачык. Бул Кытайдан келчү товарлардын мисалында ачык көрүнөт. Ошол эле учурда ЕАЭБ мамлекеттеринин, биринчи кезекте Россиянын Кыргызстанга болгон кызыгуусун эске алсак, Бишкек эки аймактан тең курсак тойгузууга мүмкүнчүлүк алат. Бир жагынан Кыргызстан Кытай менен болгон финансы-экономикалык кызматташуудан эч убакта баш тарта албайт. Кыргызстандын тышкы карызынын жарымы – болжол менен 3,4 миллиард доллар кытай кредиттери. Бул жагдайды көз жаздымда калтырууга болбойт. Экинчи жагынан мамлекеттин стратегиялык кызыкчылыгы Россия жана Казакстан менен тыгыз байланышкан.
Кыргызстан бул кырдаалда экономикасын реструктуризациялоо боюнча бир топ мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. Курч атаандаштык шартында өнүгүү үчүн коңшу мамлекеттер менен экономикалык интеграция ар бир өлкө үчүн маанилүү. Жалпы жагдайга таасир тийгизүүгө жөндөмдүү жаңы биримдикке альтернатива табуу кыйын экенин уюмдун каршылаштары да жакшы түшүнөт. Аталган биримдиктин алкагындагы кызматташуунун маанилүү багыты болуп өлкөнүн индустриализациясы саналат.
Өнөр жай экономиканын негизги багыттарынын бири экени талашсыз. Качандыр бир кезде Кыргызстанда өнөр жайдын экономикадагы үлүшү 56 пайызга жеткен. Учурда ИДП түзүмүндө эң көп үлүш тейлөө тармагына туура келет. Ал эми өнөр жай "Кумтөр" ишканасын эсепке алганда болгону 21 пайызды түзүп, ички дүң продукциянын теңине да жетпейт. Алдыдагы өзгөрүүлөргө ылайык, өлкө жетекчилиги мамлекетти импорт көз карандылыгынан экпорттук багыттагы экономикага чыгаруу маселесин көтөрүүдө.